# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-ноябрындагы №497-б буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-ноябрындагы №497-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 497
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-1/edition/287985/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-ноябрындагы №497-б буйругу (11.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4229

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 22-ноябры № 497-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-апрелиндеги №165-б буйругунун

редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенине

байланыштуу жана Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 11 дарегиндеги

(Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет) "Кыргыз Республикасынын туњгуч Пре-

зидентинин Коомдук китепканасынын публика бөлүгүн реконструкциялоо"

объектисинин курулушун бүтүрүүгө финансылык каражат жоктугуна байланыш-

туу, ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн толуктоо мак-

сатында:

1. Бишкек шаарынын мэриясы жогоруда аталган объектти куруу үчүн

бөлүнгөн жер участогун аныкталган тартипте тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство укукту аныктоочу документтер-

ди берүү маселесин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу

боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мый-

замдарына ылайык чечсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Кыр-

гыз Республикасынын туњгуч Президентинин Коомдук китепканасынын публика

бөлүгүн реконструкциялоо" объектинде аткарылган жумуштар үчүн подряддык

жана долбоордук мекемелерге бересени жоюу үчүн "Капиталдык салымдар"

статьясы боюнча кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 2006-жылы 1710,6 мињ сом

суммада каражат бөлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
