# Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-июлундагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-июлундагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/422795>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57316/edition/962704/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-июлундагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө" токтому (29.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/422795

---

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) VII сессиясы

2017-жылдын 29-июлу № 1 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө Депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндөгү» № 1681 – VI токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 271-б буйругун ишке ашыруу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 112-июлундагы № 120-б буйругун ишке ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндөгү» № 1681 – VI токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 271-б буйругун ишке ашыруу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 112-июлундагы № 120-б буйруктары жетекчиликке алынсын;

2. Айыл өкмөтүнө - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө тийиштүү шайлоо комиссияларына шКыргыз Республикасынын Президентин шайлоочулардын тизмесин тариздөө,

тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечсин; -Уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү үчүн аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча штабдарды түзсүн; -шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорттук жна материалдык-техникалык каражаттар, байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечсин;

- үгүт материалдарын орнотуу үчүн атайын орундарды бөлүп берсин жана аларды жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыздасын;

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Миңбаева
