# Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы №5 "Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жерлердин аймактарын кеӊейтүү үчүн генпландан сырткары кошумча жер аянттарын берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы №5 "Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жерлердин аймактарын кеӊейтүү үчүн генпландан сырткары кошумча жер аянттарын берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/422612>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57133/edition/967236/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-ноябрындагы №5 "Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жерлердин аймактарын кеӊейтүү үчүн генпландан сырткары кошумча жер аянттарын берүү жөнүндө" токтому (23.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/422612

---

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХII сессиясы

2018-жылдын 23-ноябры №5 Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жерлердин аймактарын кеӊейтүү үчүн генпландан сырткары кошумча жер аянттарын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-январь 2008-жылдагы №19- токтомунун 6-пунктуна ылайык айыл жерлеринин аймактарын кеӊейтүү үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформация) максатында Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казарман айылынын күн чыгыш тарабындагы

Ынтымак участкасынан - 14 га суу баскан аянт Дөдөмөл айылынын күн чыгыш тарабындагы 15 га суу баскан аянт Өрнөк айылынын Кара-Табылгы участкасындагы 8 га суу баскан аянт Кош-Булак айылынын түштүк тарабынан чоӊ жолго чейин 2 гектар кайрак жер айылдарды кеӊейтүү үчүн которулсун. (трансформациялансын) Баардыгы 39( отуз тогуз) гектар суу баскан аянт.

2. . Бул токтомду бекитип берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

Төрага

Р. Ажыбаев
