# Ак-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-апрелиндеги № 5 "Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн Бакай, Чек, Керметоо участкаларына түзүлгөн программаны бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-апрелиндеги № 5 "Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн Бакай, Чек, Керметоо участкаларына түзүлгөн программаны бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/422532>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57053/edition/954856/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-апрелиндеги № 5 "Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн Бакай, Чек, Керметоо участкаларына түзүлгөн программаны бекитүү жөнүндө" токтому (08.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/422532

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы

2019-жылдын 08-апрели № 5 Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн Бакай, Чек, Керметоо участкаларына түзүлгөн программаны бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды Өнүктүрүү боюнча жарлыгын ишке ашыруу максатында Ак-Сай айыл аймагындагы жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21,2017-жылдын 1-июнундагы №95 Мыйзамдарынын редекциясына ылайык Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн тургундарынын турак-жай салуу үчүн болгон муктаждыгын чечүү жана ТажикРеспубликасы менен болгон мамлекеттик чек араны бекемдөө,Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн түзүлгөн программасын бекитүү максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылынын Бакай участкасындагы 100,0га жер аянтына,Керметоо участкасындагы 20,0 га жер аянтына,Чек участкасындагы 30,0га жер аянттарына айыл өкмөтүнүн калктуу конуштун кеңейтүү максатында түзүлгөн программасы бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлсүн.

Төрага

Б. Арапов
