# Ак-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-апрелиндеги № 2 "Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн Көкташ айылынын Чек участогунан жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-апрелиндеги № 2 "Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн Көкташ айылынын Чек участогунан жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/422529>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57050/edition/954850/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-апрелиндеги № 2 "Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн Көкташ айылынын Чек участогунан жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (08.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/422529

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2019-жылдын 08-апрели № 2 Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн Көкташ айылынын Чек участогунан жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы №21,2017-жылдын 1-июнундагы №95 Мыйзамдарынын редекциясына ылайык Ак-Сай айыл Өкмөтүнүн тургундарынын турак-жай салуу үчүн болгон муктаждыгын чечүүжана Тажик Республикасы менен болгон мамлекеттик чек араны бекемдөө максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Сай айыл аймагынын Көкташ айылынын Чек участкасынан 10,0га (он) га таштуу жайыт аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагыАк-Сай айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлсүн.

Төрага

Б. Арапов
