Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кемин шаардык кеңешинин «Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого 2019 жылдын конкурсуна жиберилүүчү долбоорлордун тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-ноябры № 4-10-29 Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого 2019 жылдын конкурсуна жиберилүүчү долбоорлордун тизмегин бекитүү жөнүндө Төмөнкүдө көрсөтүлгөн долбоорлорду карап чыгып:
1) Долбоор «Дети наше будущее» - «Акылай» бала бакчанын ичин капиталдык оңдоо суммасы 3 045 500 сом; 2) Долбоор «Дети наше будущее» - «Байчечекей» бала бакчанын имаратынын жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу аркылуу капиталдык оңдоо суммасы 3 002 250 сом; 3) Долбоор «Дети - наше продолжение» Кемин №1 орто мектебинин шифер чатырын профнастилден чатырга алмаштыруу аркалуу капиталдык оңдоо суммасы 2 897 134 сом.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 33 беренесинин негизинде, жана үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобонун 19 пунктун жетекчиликке алып, депутаттар талкуулап жана пикир алышып Кемин шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долбоор «Дети наше будущее» - «Акылай» бала бакчанын ичин капиталдык оңдоо суммасы 3 045 492 сом бекитилсин;
2. Долбоор «Дети наше будущее» - «Байчечекей» бала бакчанын имаратынын жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу аркылуу капиталдык оңдоо суммасы 3 002 250 сом бекитилсин;
3. Долбоор «Дети - наше продолжение» Кемин №1 орто мектебинин шифер чатырын профнастилден чатырга алмаштыруу аркалуу капиталдык оңдоо суммасы 2 897 134 сом бекитилсин.
4. ФЭБнүн башчысына 2019 жылдын бюджетин түзүү учурда жергиликтүү бюджетинин эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорго атап айтканда: «Акылай» бала бакчасына – 637 100 сом, «Байчечекей» бала бакчасына – 640 450 сом, Кемин №1 орто мектебине – 579 427 сом кошо каржылоого каражаттар алдын ала караштырылсын.
5. Токтомдун аткарылышы Кемин шаарынын мэрине С.С. Досовго жуктөлсун.
Төрага
К. Ш. Мамыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59