# Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-апрелиндеги № 36/1 "Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок айылынын таза суусунун кайра ондоп түзөө иштерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-апрелиндеги № 36/1 "Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок айылынын таза суусунун кайра ондоп түзөө иштерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36/1
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-4534/edition/963242/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-апрелиндеги № 36/1 "Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок айылынын таза суусунун кайра ондоп түзөө иштерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42220

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVI- сессиясы

2019-жылдын 25-апрели № 36/1 Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок айылынын таза суусунун кайра ондоп түзөө иштерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Мойнок айылынын таза суусун кайра ондоп түзөө иштерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Мойнок айылынын депутаты Бейшенкулов Улукбек Муратбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Сууайыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Мойнок айылынын 2019-жылга карата таза суусунун ондоп түзөө иштеринин кошумча сметасы Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы №175-б буйругундагы № 9 стандарттык форма келишимине ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген кошумча сметага ылайык жумуштарды аткаруу жагы “Ак жол” ЖЧКсына милдеттендирилсин.

3. Аткарылган жумуштарды сметага ылайык кабыл алуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Төрага

К. Жумабеков
