# Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнундагы № 22 "Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча" токтому

- Толук аталышы: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнундагы № 22 "Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/422100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-56621/edition/945662/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнундагы № 22 "Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча" токтому (07.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/422100

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы

2018-жылдын 7-июну № 22 Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак –аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 16.05.2018-жылдагы №3014/2363 чыгыш сандуу катында Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу токтомун ишке ашыруу жана ошондой эле облустар, райондор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аралык узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт жерлерин башкаруудагы пайдалануудагы жаралган маселени чечүү көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыттарынын чек аралары белгиленип айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилгендиги белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын райондорунун жана облустарынын мурдагы колхоз жана совхозунда узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген (1999-жылдын июнь айына чейин) башка райондордун жана облустардын администрациялык аймагында жайгашкан жайыт участоктору мындан ары 2020-жылга чейин ошол райондордун жана облустардын карамагында калары белгиленгендиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жагы сунушталсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

Төрага

Ж. Бегалиев
