# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы Жарлыгына өзгөтүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы Жарлыгына өзгөтүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1865/edition/548634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы Жарлыгына өзгөтүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу" Жарлыгы (15.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4221

---

КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 31 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ УКАЗ 2005-жылдын 19-январы ПЖ № 22 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңешти түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 602 Жарлыгынын. 2008-жылдын 19-майындагы ПЖ № 165 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасында илим-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнү тездетүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген Жобо (№ 1 тиркеме) бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-майындагы ПЖ № 165 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Координациялык кеңештин жооптуу катчысы бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу илим жана инновациялык технологиялар боюнча Координациялык кеңештин аткаруучу органы жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин.

4. Бул "Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 602 Жарлыгынын, 2008-жылдын 19-майындагы ПЖ № 165 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики

А.Акаев

№ 2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 602 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

илим жана инновациялык технологиялар боюнча

Координациялык кеңештин

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-майындагы ПЖ № 165 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
