Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Калктуу конуштарга айыл статусун берүү жөнүндө» токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2018-жылдын 22-февралы № 6 Калктуу конуштарга айыл статусун берүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын жалпы тургундарынын Айгыр-Жал айылында статус алынбаган калктуу конуштарга статус алып берүү боюнча элдик жыйындын токтому менен жөнөтүлгөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйынын токтому бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык Айгыр-Жал айылына караштуу Кара-Суу жана калктуу конуштарына айыл статусу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык айыл статусун берүүгө талап кылынган тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага
Ж. Бегалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.10.2017 · № 690 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241