# КР Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы ПЖ № 21 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы ПЖ № 21 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1864/edition/492599/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2005-жылдын 19-январындагы ПЖ № 21 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы (17.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4220

---

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 19-январы ПЖ № 21 Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан экономиканы өнүктүрүүнүн этаптык чараларын жүзөгө ашыруунун чегинде социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы шартын тартипке салуу жана социалдык жактан коргоону камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныкталган маданият кызматкерлеринин эмгек акысынынын баштапкы (нөлдук) разрядын

- 2005-жылдын 1-апрелинен баштап айына 184 сом өлчөмүндө;

- 2005-жылдын 1-июлунан баштап айына 208 сом өлчөмүндө белгилөө менен ал эки этапта 30%ке жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
