# Н.Исанов атындагы кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы № 27-3"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатынын 2019-жылга бөлүнүшү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Н.Исанов атындагы кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы № 27-3"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатынын 2019-жылга бөлүнүшү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27-3
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/421935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-56457/edition/969320/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Н.Исанов атындагы кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы № 27-3"Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатынын 2019-жылга бөлүнүшү жөнүндө" токтому (26.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/421935

---

Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ № 6 чакырылышынын 27- отуруму (сессиясы) 2019-жылдын 26-марты № 27-3

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатынын 2019-жылгабөлүнүшү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатын 2019-жылга иштетүү боюнча Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин “Экономика ,бюджет ,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4 –пунктуна ылайык,Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып, айылдык кеңеш

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 2710,7 миң сом жана атайын каражатэсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 211,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2019жылга калган калдык акча каражаттан аппарат кызматкерлерине КР Өкмөтүнүн №131 токтомунун 4-пунктунун негизнде 2 айлык үстөк акча каражаты жана калган акча каражаттарын чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык берилсин.

3. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо,алардынфинансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу,карамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

Төрага

Ж.Нурмаматов
