# Указ Президента КР от 11 января 2005 года УП N 6 "О порядке и условиях прохождения службы в Агентстве Кыргызской Республики по контролю наркотиков"

- Актынын түрү: Указ
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.01.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1861/edition/542514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Указ Президента КР от 11 января 2005 года УП N 6 "О порядке и условиях прохождения службы в Агентстве Кыргызской Республики по контролю наркотиков" (11.01.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4216

---

2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ УКАЗ 2005-жылдын 11-январы ПЖ № 6 Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинде кызмат өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинин кызматкерлеринин кызмат өтөө тартибин жана шарттарын аныктоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органда кызмат өтөө жөнүндө тиркелген Жобо жана Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча органынын кызматкерлеринин Анты бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги аталган

Жобонун талаптарын кыйшаюусуз аткарууну камсыз кылсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики

А Акаев

№ 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 11-январындагы № 6 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органынын кызматкерлеринин АНТЫ (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Мен, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_, Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органына мамлекеттик кызматка киришип жатып жана Кыргызстан элинин алдындагы жогорку жоопкерчиликти түшүнүү менен Кыргыз Республикасына берилгендигине ант берем жана:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамарын ыйык сактоого, мыйзамды ар кандай бузууларга келишпестик менен күрөшүүгө жана Кыргызстан элинин таламдарын жигердүү коргоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин жолдоого, кызматтык милдеттеримди так жана акниеттүүлүк менен аткарууга, мамлекеттик кызматчынын этикасынын Кодексинин ченемдерин бекем сактоого салтанаттуу сөз берем;

- бул антты бузуу менин баңгизаттарга контролдук боюнча мамлекеттик органда болушум менен айкалышпай тургандыгын түшүнөм.

2000-жылдын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колтамгасы
