Дара айылдык кеңешинин «Жаңы-Муун айылы жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 08-майы № 26 Жаңы-Муун айылы жөнүндө КРӨ 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана администрациялык аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобого ылайык Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы Атылган-Таш участкасынан берилүүчү жерге айыл макамын алууга макулдук берилсин.
2. Жаңы-Жер айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы жаңы айыл Жаңы-Муун айылы деп аталсын.
3. Жаңы-Муун айылына айыл макамын алуу жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.Султанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон