# Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-мартындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Жазма буйругун кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-мартындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Жазма буйругун кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/421345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-56086/edition/964560/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-мартындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Жазма буйругун кароо жөнүндө" токтому (15.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/421345

---

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылыштагы кезектеги XX сессиясы 2018-жылдын 15-марты № 210 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Жазма буйругун кароо жөнүндө “«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Дебитордук карыздарды эсептен жашырууга жол берилбесин, бардык дебитордук карыздар жылдын жыйынтыгы менен баланска алынсын .

2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

3. Кызматтык автоунааны пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767-токтомуна ылайык күйүүчү майлар көрсөтүлгөн норманын чегинде пайдаланылсын жана ашыкча пайдаланууларга жол берилбесин.

4. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар “ жөнүндөгү Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

5. Айыл өкмөтүнүн балансында турган негизги жана айланма каражаттардын толук сакталуусу көзөмөлгө алынсын.

6. Мырза-Аке жайыт пайдалануучулар бирикмесинин балансындагы жайыт жерлери толук пайдаланууга алынсын.

7. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Кимсанов
