# Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 39 “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 39 “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/421042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55793/edition/957800/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 39 “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому (08.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/421042

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2019-жылдын 08-февралы № 39 “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ынгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын Уставына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунушун карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 07.02.2019-жылдагы № 01-34/75 сунушу эске алынсын.

2. “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору кызматына Сулайманов Болотбекти дайындоого макулдук берилгендиги белгиленсин, буйруктун негизинде бекитип берүү жагы шаар мэри Б.Болгонбековго милдеттендирилсин.

3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

5. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

М.Н.Жусупахунов
