# Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 33 "01.01.2019 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын каражат эсебинде калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 33 "01.01.2019 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын каражат эсебинде калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/421036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55787/edition/957788/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 33 "01.01.2019 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын каражат эсебинде калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому (08.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/421036

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын X сессиясы

2019-жылдын 08-февралы № 33

01.01.2019 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын каражат эсебинде калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана Бюджеттик Кодексине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын билдирүү, маалыматтарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын эсебинде калган акча каражатынын 01.01.2019- жылга карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө маалымат, билдирүүлөр эске алынсын.

2. Жыл башында жалпы 1453,7 миң сом, анын ичинен негизги эсептен калдык 1021,1 миң сом жана атайын эсептен калдык 432,6 миң сом калгандыгы белгиленсин жана алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын.

· Негизги эсептен калдык: 1021,1 миң сом, анын ичинен:

Мэриянын аппаратына Жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлерге сый акы үчүн

Статья 2111

– 346,5 миң сом

Статья 2121

– 59,7 мин сом

Статья 3112 500,0 миң сом –кызматтык автоунаа сатып алууга

Шаардык кеңештин аппаратына Жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлерге сый акы үчүн

Статья 2111

– 98,0 миң сом

Статья 2121 16,9 миң сом

· Атайын эсептен калдык : 432,6 миң сом, анын ичинен:

Балдар бакчаларына

Статья 3112 271,2 миң сом - жабдууларды сатып алууга

Мэриянын аппаратына

Статья 3111 159,1 миң сом – балдар ойноочу аянтча курууга

“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына:

Статья 2222

– 2,3 миң сом

1. Бул токтомдун аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

2. Аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.

3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

5. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

М.Н.Жусупахунов
