# "Милдеттүү камдар жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: "Милдеттүү камдар жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 2019-П-07/10-1-(ДКП)
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/421025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-3608/edition/932412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/421025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Милдеттүү камдар жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген) (13.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/421025

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтомуна карата тиркеме

Милдеттүү камдар жөнүндө ЖОБО

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар, милдеттүү кам өлчөмү, коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банк) тарабынан милдеттүү камдык талаптарды эсептөө жана аткаруу тартиби, ошондой эле милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө жана өндүрүү тартиби аныкталган.

Бул жобонун талаптары операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде банк операцияларын ишке ашырууда алар колдонгон иш өзгөчөлүгүн жана терминдерди эске алуу менен "ислам терезесинин" алкагында операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга таркатылат.

2. Милдеттүү камдар акча-кредит саясатынын инструменттеринин бири болуп саналат жана ал Улуттук банк тарабынан банк тутумундагы жалпы ликвиддүүлүк деңгээлин, кыска мөөнөттүү пайыздык чендерди жана акча топтомдорунун көлөмүн жөнгө салуу максатында колдонулат.

3. Акча-кредит саясатынын максаттарына ылайык Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечимдери менен төмөнкүдөй милдеттүү камдык талаптардын ченемдери белгиленет:

- милдеттүү кам өлчөмдөрү (эсептик базанын курамына кирген милдеттенмелердин ар кандай категориялары үчүн ар башка пайыздык маани белгилениши мүмкүн);

- милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлинин өлчөмү;

- милдеттүү камдарды аткаруу максатында камдык активдерге киргизилген активдердин катышы жана өлчөмү;

- милдеттүү камдарды аткаруу үчүн компенсациялоо чени;

- милдеттүү камдык талаптардын жана милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинин сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмдөрү.

4. Милдеттүү камдык талаптарды аткаруунун базалык мөөнөтү төрт календардык жуманы түзөт (28 күн).

5. Эсептик базага кирген милдеттенмелердин тизмеси жана түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет.

6. Банктар банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны колдонгон мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды аткарууга милдеттүү.

## 2-глава. Аныктамалар жана терминдер

7. Ушул жобонун максаттарында төмөнкү терминдер колдонулат:

Базалык мезгил - банк ошол мезгил ичинде бул жободо белгиленген тартипте милдеттүү камдык талаптарды аткарууга милдеттүү болгон мезгил аралыгы. Эсептик мезгил - милдеттүү камдар көлөмүн аныктоо үчүн эсептик база эсептелинүүчү мезгил аралыгы. Милдеттүү камдар - банк базалык мезгилде Улуттук банк тарабынан белгиленген шарттарда камдык активдерде депондоштурууга милдеттүү болгон акча каражаттардын суммасы. Милдеттүү камдык талаптар - бул банкка карата милдеттүү камдарды камдык активдерде белгиленген талаптарга ылайык депондоштуруу боюнча талаптар. Милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээл - банк милдеттүү камдык талаптарды аткаруу үчүн күндөлүк негизде камдык активдерде сактоого милдеттүү болгон акча каражаттардын көлөмү. Милдеттүү камдардын өлчөмү - милдеттүү камдарды эсептөө үчүн эсептик базага карата колдонулган коэффициент (пайыз түрүндө). Эсептик база - бул банктын депозиттик жана башка эсептеринде эсепке алынган улуттук жана чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелери, ошондой эле башка милдеттенмелер. Камдык активдер - бул, банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын, банктын Улуттук банктагы жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги алтын түрүндөгү активдеринин, ошондой эле банктын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак калдыктарынын суммасы.

## 3-глава.

Милдеттүү камды эсептөө тартиби

8. Милдеттүү кам төрт жумада бир жолу, өтүп жаткан базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү эсептелинет жана өткөн базалык мезгилдеги орточо күндүк эсептик базанын жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү кам өлчөмүнүн негизинде аныкталат.

Милдеттүү камдардын белгиленген мааниси базалык мезгилдин төрт жумасы ичинде Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген тиешелүү жылга карата милдеттүү кам графигине ылайык колдонулат.

9. Милдеттүү камдарды эсептөөдө:

- эсептик базага кирген валюталык милдеттенмелердин сом түрүндөгү эквиваленти отчеттук күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген чет өлкө валютасынын сомго карата расмий курсу боюнча эсептелинет;

- кардарлардын жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча сом түрүндөгү эквиваленти отчетту даярдоо күнүнө чейинки бир күн мурда Улуттук банк тарабынан белгилеген АКШ долларынын сомго карата расмий курсунун кросс-курсу аркылуу эсептелинген, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан акыркы фиксинг (баа аныктоо) боюнча эсептелет.

10. Милдеттүү кам төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында OРт - өтүп жаткан базалык мезгилдеги милдеттүү кам; ОБт-1 - өткөн базалык мезгилдин ар бир күнү үчүн эсептик базага кирген банктын милдеттенмеси; Р - Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү кам өлчөмү; Дт-1 - милдеттүү камды эсептөөдө эске алынган жана ушул жобонун 4-пунктунда аныкталган өткөн базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны.

11. Ушул жобонун 10-пунктуна ылайык эсептелген, банк жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталган эсептөөлөр, жаңы базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү саат 12.00гө чейин Улуттук банкка ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык формада сунушталат.

Ар башка милдеттүү камдык талаптар өлчөмү колдонулган милдеттенмелердин ар кандай категориялары үчүн эсептөөлөр ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык ар бир милдеттенме боюнча өз-өзүнчө сунушталат. Мында милдеттүү камдардын жалпы көлөмү милдеттенмелердин бардык категориялары боюнча милдеттүү кам суммасы катары эсептелет.

12. Эсептөөлөр өз убагында берилбесе, ошондой эле такталбаган маалымат сунушталган учурда банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.

## 4-глава.

Милдеттүү камдык талаптарды аткаруу тартиби

13. Бүтүндөй базалык мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптардын аткарылышына контролдук төрт жуманы камтыган мезгилдин акырында жүргүзүлөт. Эгерде базалык мезгил ичинде камдык активдер менен милдеттүү кам өлчөмүнүн ортосундагы суммардык айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат.

14. Мында банк күндөлүк негизде камдык активдеринин, бирок банктын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак калдыктарын эске албаганда, көлөмүн милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинен төмөн эмес өлчөмдө колдоого милдеттүү.

15. Банктын Улуттук банктагы металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин сом түрүндөгү эквиваленти, Улуттук банк тарабынан белгиленген АКШ долларынын сомго карата расмий кросс-курсунун негизинде эсептелген эсептешүүлөрдү жүргүзүлгөнгө чейинки күнү белгиленген, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан аныкталган акыркы фиксинг боюнча эсептелет.

16. Банк милдеттүү камдык талаптарды аткарган учурда милдеттүү камдарды колдоого алгандыгы үчүн ага төлөм чегерилет. Камдык активдердеги милдеттүү камдарды аткаргандыгы үчүн төлөм өлчөмү компенсациялоо ченинин жана милдеттүү кам көлөмүнүн негизинде аныкталат.

17. Банк тарабынан бүтүндөй базалык мезгил ичинде сыяктуу эле, күнүмдүк негизде да милдеттүү камдарды сактоо талабы аткарылбаган учурда, андан ушул жобонун 5-главасында аныкталган шарттарда милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өндүрүлөт.

## 5-глава.

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө жана өндүрүү тартиби

18. Милдеттүү камдык талаптарды аткарбагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы айыптык төлөм ченинин жана базалык мезгил ичинде банктын камдык активдеринин суммасынын милдеттүү камдардан орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.

19. Милдеттүү камдык талаптардын аткарбагандыгы үчүн айыптык төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында Шн - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм; Ос - камдык активдердин милдеттүү камдан орточо күндүк четтөөсү; Рш - Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү; Д - ушул жобонун 4-пунктунда аныкталган өткөн базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасын эсептөө мисалы 2-тиркемеде келтирилген.

20. Милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинин сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы милдеттүү камдардын минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмүнүн жана банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги каражаттар суммасынын жана банктын Улуттук банктагы жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин күндөлүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.

21. Милдеттүү камдардын минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:

мында Шн - милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм; Ом - Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинин жана жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдердин милдеттүү камдан күн ичинде орточо четтөөсү; Рш - Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү; Д - милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээли сакталбаган күндөрдүн саны. Милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасын эсептөө мисалы ушул жобого карата 2-тиркемеде келтирилген.

22. Банк тарабынан банкоматтардагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары боюнча такталбаган маалыматтар берилген шартта, базалык мезгилдин башталышынан берки милдеттүү кам көлөмү, банкоматтардагы улуттук валютадагы нак калдыктарды эске алуусуз кайрадан эсептелинет жана кемчилик аныкталгандан кийинки бир жыл ичинде банкоматтардагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары милдеттүү камдык талаптардын сакталышын эсептөөдө эске алынбайт.

23. Банктын Улуттук банк менен түзүлгөн корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишиминде башкасы белгиленбесе, банкка тиешелүү билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки эки жумуш күнү ичинде милдеттүү камдык талаптардын жана милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн андан акцептсиз тартипте айыптык төлөм өндүрүлөт.

24. Банктын милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы анын ишине максаттуу текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

25. Милдеттүү камдык талаптарды бир нече жолу (экиден көп жолу) кайталап же үч ай ичинде бир нече ирет бузууга жол берүү ошол банкка атайы режим киргизүү үчүн негиз болуп саналат.

## 6-глава.

Өзгөчө шарттар

26. Эгерде Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунда башкасы каралбаса, банкка тике банктык көзөмөлдүк режими же болбосо убактылуу администрация режими киргизилген мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн андан айыптык төлөм өндүрүлбөшү мүмкүн.

27. Улуттук банк Башкармасы банк тутумунун бүтүндүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу, система тобокелдигине жол бербөө, банктын ликвиддүүлүгүн колдоого алуу жана аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо максатында, аманатчылардын каражаттары жана банк тутумунун туруктуулугуна потенциалдуу коркунучтарды жаратышы мүмкүн болгон финансылык кыйынчылыктарга дуушарланган айрым коммерциялык банктарга карата милдеттүү камдык талаптар өлчөмүн, эсептөө регламентин жана милдеттүү камдык талаптардын сакталышын кайра карап чыгууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген, "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ дан \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чейинки мезгил үчүн милдеттүү камды эсептөө \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (коммерциялык банктын аталышы)

Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 36-формасы боюнча калдык

Милдеттенмелер

Эсептешүү (күндөлүк) эсептер

Талап боюнча төлөнүүчү депозиттери

Мөөнөттүү депозиттери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарын эсептери жана депозиттери

Эсептик база (1+2+3+4)

Милдеттүү кам\*

1

2

3

4

5

6

1 күн 2 күн 3 күн 28 күн

Базалык мезгил үчүн орточо

Эскертүү: "Милдеттүү кам ушул жобонун 10-пунктуна ылайык эсептелинет. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык анын ичинде "ислам терезеси" алкагында жүзөгө ашырган банктар чектелген атайын мудараба бүтүмү боюнча банктын эсебинде жайгаштырылган кардарлардын акча каражаттарын милдеттүү камдык талаптарды эсептөөгө эсепке албайт. Боёлгон тилке толтурулбайт.

Коммерциялык банктын жетекчисинин кол тамгасы Мөөр

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген, "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого карата 2-тиркеме

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө мисалы

№

п.п

Отчеттук мезгил

Улуттук банктагы корреспонденттик эсеп (К)

Банкоматтардагы каражаттардын калдыктары (Б)

Банктын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдер (3)

Камдык активдер (А)

Милдеттүү кам (Р)

Милдеттүү камдан четтөөлөр (А-Р)

Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу өлчөмү (Р\*Морт)

Минималдуу милдеттүү камдан четтөөлөр (Ом)

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

1

16.11.17

163160090

10878518

40000000

214038609

225447841

-11409232

202903057

257033

2

16.11.17

164138964

11206088

40000000

215345052

225447841

-10102789

202903057

1235907

3

16.11.17

165200990

10442355

40000000

215643345

225447841

-9804496

202903057

2297933

4

16.11.17

172755618

10905123

40000000

223660741

225447841

-1787100

202903057

9852561

5

16.11.17

173011849

10142294

40000000

223154143

225447841

-2293699

202903057

10108792

6

16.11.17

169036849

10754110

40000000

219790959

225447841

-5656882

202903057

6133792

7

16.11.17

168011849

9878518

40000000

217890367

225447841

-7557474

202903057

5108792

8

16.11.17

173731782

11032658

40000000

224764439

225447841

-683402

202903057

10828725

9

16.11.17

173421817

10275835

40000000

223697652

225447841

-1750189

202903057

10518760

10

16.11.17

175723793

8155325

40000000

223879118

225447841

-1568723

202903057

12820736

11

16.11.17

220361873

9431752

40000000

269793626

225447841

44345785

202903057

57458816

12

16.11.17

176886333

10284718

40000000

227171051

225447841

1723210

202903057

13983276

13

16.11.17

176886333

10713172

40000000

227599505

225447841

2151664

202903057

13983276

14

16.11.17

166009349

11085433

40000000

217094782

225447841

-8353059

202903057

3106292

15

16.11.17

120200100

10943715

40000000

171143815

225447841

-54304026

202903057

-42702957

16

16.11.17

162976564

10513273

40000000

213489837

225447841

-11958004

202903057

73507

17

16.11.17

204302185

9023676

40000000

253325861

225447841

27878020

202903057

41399128

18

16.11.17

204526117

10283674

40000000

254809791

225447841

29361950

202903057

41623060

19

16.11.17

164245032

10971139

40000000

215216171

225447841

-10231670

202903057

1341975

20

16.11.17

163245032

11461437

40000000

214706470

225447841

-10741372

202903057

341975

21

16.11.17

169245032

11791321

40000000

221036353

225447841

-4411488

202903057

6341975

22

16.11.17

170341146

12312678

40000000

222653824

225447841

-2794017

202903057

7438089

23

16.11.17

163602026

10957213

40000000

214559240

225447841

-10888602

202903057

698969

24

16.11.17

180701404

10734620

40000000

231436024

225447841

5988182

202903057

17798347

25

16.11.17

168150573

10512965

40000000

218663538

225447841

-6784303

202903057

5247516

26

16.11.17

167823064

11065413

40000000

218888477

225447841

-6559364

202903057

4920007

27

16.11.17

164572618

11332681

40000000

215905300

225447841

-9542541

202903057

1669561

28

16.11.17

163072618

10991834

40000000

214064452

225447841

-11383389

202903057

169561

Жыйынтыгында

-89117012

Орто күндүк четтөөсү (Ос)

-3182750

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм (Шн)

37132

17793

Милдеттүү камдан четтөө эсебинин формуласы: О = А - Р, мында А - банктардын камдык активдери Р - милдеттүү кам Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө формуласы: Шн = Ос \* Рш / 100 / 360 \* Д, мында Шн - милдеттүү камдарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм Ос - милдеттүү камдан камдык активдердин эсебинен орто күндүк четтөөсү Рш - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү (мында 15 пайыз) Д - базалык мезгилде календарлык күндөрдүн саны (учурда 28 күн) Милдеттүү камдардын минималдуу көлөмүнөн четтөөнүн эсебинин формуласы: Ом = (К + 3) - Р \* Морт, мында К - Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби З - банктын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебиңдеги алтын түрүндөгү активдер Р - милдеттүү кам Морт - милдеттүү камдын көлөмүнөн минималдуу деңгээл (мында 90 пайыз) Милдеттүү камдык талаптардын минималдуу деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө формуласы: Шн = Ом \* Рш / 100 / 360 \* Д, мында Шн - милдеттүү камды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм Ом - милдеттүү камдын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен жана банктын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын Сп - милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү (мында 15 пайыз) Д - милдеттүү камдык талаптардын минималдуу көлөмү сакталбаган күндөрүнүн саны
