Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун «Түштүк транспорт коридорунун автомобиль жолун реабилитациялоо» долбоору (кредит № 2106-КGZ(SF) боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-апрели ПЖ № 110
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
"Түштүк транспорт коридорунун автомобиль жолун
реабилитациялоо" долбоору (кредит N 2106-КGZ(SF)
боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү
банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну
ратификациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-статьясына ылайык ток-
том кылам:
1. 2005-жылдын 21-февралында кол коюлган "Түштүк транспорт коридо-
рунун автомобиль жолун реабилитациялоо" долбоору (кредит № 2106-
КGZ(SF)) боюнча Кыргыз Реcпубликасы менен Азия Өнүктүрүү банкынын орто-
сундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган документтердин
күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Респуб-
ликасы аткаргандыгы жөнүндө Азия Өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте
билдирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдеттеринин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-августундагы № 470-б (Машиналарды баланска өткөрүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 26.08.2009 · № 470-р
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон