# Кууганды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 45 "Аймактагы айдоо аянттарынын мелиоративдик абалдарын жакшыртуу,айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кууганды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 45 "Аймактагы айдоо аянттарынын мелиоративдик абалдарын жакшыртуу,айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420899>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55655/edition/957440/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кууганды айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 45 "Аймактагы айдоо аянттарынын мелиоративдик абалдарын жакшыртуу,айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө" токтому (16.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420899

---

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 16-апрели № 45 Аймактагы айдоо аянттарынын мелиоративдик абалдарын жакшыртуу,айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө КР Айыл чарба,тамак-аш,өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы мелиорациялык гидрология экспедициясынын 2019-жылдын 18-февралындагы №1сандуу катын, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 21-февралындагы №03-21/168 сандуу катын карап, талкуулап Кууганды айылдык аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн быйылкы жылдын бюджети бекитилип калгандыктан,аймактагы айдоо аянттарынын мелиоративдик абалдарын жакшыртуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жумшалуучу каражаттын көлөмү чоң болгондугуна байланыштуу, мүмкүнчүлүккө жараша кийинки 2020-жылдын бюджетине сунуштоого калтырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

Төрага

Э.Тайтекеев
