# Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24 январындагы № 11/4 "Башталгыч мектеп имаратын балдар бакчасына которуу дөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24 январындагы № 11/4 "Башталгыч мектеп имаратын балдар бакчасына которуу дөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/4
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420807>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55563/edition/954093/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/420807.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24 январындагы № 11/4 "Башталгыч мектеп имаратын балдар бакчасына которуу дөнүндө" токтому (24.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420807

---

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 24 январы № 11/4 Башталгыч мектеп имаратын балдар бакчасына которуу дөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “ Мыйзамынын 18-беренесинин , “Жергиликтүү маселелер”, 31-беренесинин “Айыл аймагынын укучу” негизинде, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-бөлүмүнүн 18-беренеси “Муниципалдык менчикти башкаруунун жалпы принциптери” 19-беренеси “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчик мүлктү башкаруу жана пайдалануу укугу” жана ошондой эле Красный Восток айыл аймагынын башчысынын 2018-жылдын 01- январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта Красный Восток айыл аймагынын социалдык жана коммуналдык өнүгүүсү тууралуу инвестициялык иш планын угуп, Красный Восток айылдык Кенешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыл районун Красный Восток айыл аймагынын Калдык айылынын Западный көчөсүнү 15 дарегинде жайгашкан муниципалдык менчиктеги башталгыч—мектеп имаратынын функционалдык пайдалануу багытын 100 орундуу балдар бакчасына которууга макулдук берилсин.

2. Красный Восток айыл аймагынын жер маселелер боюнча адиси (М.Токчулуков) Жайыл районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармагылында жана Жайыл районунун кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо башкармалыгында тиешелүү иш кагаздарын каттоодон өткөзсүн.

3. Токтом Красный Восток айыл аймагынын өздүк сайтында жайгаштырылсын. ( электрондук дареги www.kr-ao.kg)

4. Красный Восток айылдык Кенешинин “Башталгыч мектеп имаратын балдар бакчасына которуу жөнүндө” Токтому Адилет министирлигин аймактык бөлүмүндө катталсын.

4. Токтомдун ишке ашыруусун көзөмөлдөө Красный Восток айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б. Закиров
