# Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 09-апрелиндеги № 12/3 "Красный Восток айыл аймагынын айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча Узак мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 09-апрелиндеги № 12/3 "Красный Восток айыл аймагынын айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча Узак мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/3
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420787>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55544/edition/953785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/420787.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 09-апрелиндеги № 12/3 "Красный Восток айыл аймагынын айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча Узак мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө" токтому (09.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420787

---

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 09-апрели № 12/3 Красный Восток айыл аймагынын айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча Узак мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31- беренесинин «Шаардык жана айылдык кенештеринин компетенциясы» негизинде , ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылынын 16-ноябрындагы №599 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылынын 22-июнундагы №243- «Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жөбө тууралуу» токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019- жылынын 2- февралындагы №55 «Айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу» токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык Красный Восток айыл аймагынын жер маселелери боюнча адисинин маалыматын угуп, Красный Восток айылдык Кенешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Красный Восток айыл аймагынын айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча 2019-2024жылдарга түзүлгөн Узак мөөнөттүү планы бекитилсин.

2. Бул токтом Красный Восток айыл аймагынын сайтына чыгарылсын (электрондук дареги www.kr-ao.kg).

3. “Красный Восток айыл аймагынын айыл жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча 2019-2024жылдарга түзүлгөн Узак мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндөгү” токтом Кыргыз Республикасынын адилет министирлигинин аймактык бөлүгүндө мамлекеттик каттоодо катталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Красный Восток айыл аймагынын башчысы Э.М.Алыбаевке жүктөлсүн.

Төрага

Б.Закиров
