Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Красный Восток айылдык кеңешинин «Жер тилкесин ат майданын куруу үчүн которууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Красновосточного айылного кенеша Жайылского района от 28 мая 2020 года № 18/1 (О признании утратившим силу некоторых актов Красновосточного айылного кенеша)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-04-09.
(Красный восток айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы № 18/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 09-апрели № 12/1 Жер тилкесин ат майданын куруу үчүн которууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31- беренесине, 18-беренесинин 10-пунктуна ылайык, ат майданын курууга Красный Восток айыл аймагынын “Садовый” участкасынан 32,2 га, жайыт жерлерин бөлүп берүүгө жана ал жерлерди “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Өндүрүш, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга топтолгон жерге жайгаштыруу материалдарына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланышту Красный Восток айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп, Красный Восток айылдык Кенешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ат майданын курууга Красный Восток айыл аймагынын “Садовый” участкасынан 32,2 га, төмөндөгү контурлардагы № 24, 27, 26, 29, 32, 33, 37, 36, 54, 38, 39, 40, 44, 47, 45, 46 жайгашкан жайыт жерлерин бөлүп берүүгө жана ал жерлерди “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Өндүрүш, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ат майданын куруу үчүн, Красный Восток айыл аймагынын “Садовый” участкасынан 32,2 га, төмөндөгү контурлардагы № 24, 27, 26, 29, 32, 33, 37, 36, 54, 38, 39, 40, 44, 47, 45, 46 жайгашкан жайыт жерлерин “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Өндүрүш, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга материалдар топтому Жайыл райондук администрациясына жөнтүлсүн.
3. Красный Восток айылдык Кенешинин 2015 - жылдын 21-апрелиндеги № 14/4 “Жер тилкесин ат майданын куруу үчүн которууга макулдук берүү жөнүндө” токтому жана Красный Восток айыл аймагынын 2015-жылдын 7-августундагы “Жер тилкесин которуу жөнүндө” буюрмасы жокко чыгарылсын жана жараксыз деп табылсын.
4. Бул токтом Красный Восток айыл аймагынын сайтына чыгарылсын (электрондук дареги www.kr-ao.kg).
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актылар реестринде катталган убактан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Красный Восток айылдык Кенешинин жер боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Б.Закиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Красный восток айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28 майындагы № 18/1 (Красный Восток айылдык Кеңешинин айрым актылары күчүн жоготту деп таануу жөнүндө) токтомуПостановление · 28.05.2020 · № 18/1
- Красный-Восток айыл кеңешинин 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 14/4 "Жоопкерчилиги чектелген ишкана коому “ Кара-Балтажолкурулуш” ижарага алуу жөнүндөө келишим чыгару" токтомуПостановление · 21.04.2015 · № 14/4 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон