# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 437 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кенеш жонундо" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 437 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кенеш жонундо" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 437
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1852/edition/287951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 437 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кенеш жонундо" Жарлыгы (06.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4205

---

КР Президентинин

2008-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 356 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 14-декабры ПЖ № 437

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентине

караштуу сот адилеттик иштери

боюнча Улуттук кењеш

жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2006-жылдын 3-июлундагы ПЖ № 348 жарлыгынын,

2006-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ № 567 жарлыгынын

редакциясына ылайык)

Акыйкат, ачык жана жооптуу башкарууну камсыз кылуу боюнча улуттук

саясаттын чектеринде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Кыргыз

Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын жана "Жергиликтүү соттордун судьяларын аттес-

тациялоо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна

ылайык жана жергиликтүү соттордун судьяларын тандоо, көрсөтүү, дайындоо

жана бошотуу тартибин жана шарттарын андан ары өркүндөтүү максатында

токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иш-

тери боюнча Улуттук кењеш (мындан ары - Улуттук кењеш) түзүлсүн.

Улуттук кењеш он алты адамдан турат жана судьялардын, Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын, аткаруу бийлигинин жана

коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн тењдеш санынан түзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-июлундагы ПЖ N

348 жарлыгынын, 2006-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ N 567 жарлыгынын редакци-

яларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иш-

тери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Бул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын судья кадрларынын резерви түзүлбөйт;

- Кыргыз Республикасынын судья кадрларынын резервине киргизилген

адамдар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иш-

тери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө жобого ылайык арызды жана документ-

терди берүү жолу менен жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат орунун

ээлөөгө конкурска катышууга укуктуу; мында бул адамдар квалификациялык

экзаменди тапшырды деп эсептелет жана конкурстун экинчи туруна - квали-

фикациялык тандоого өзүнөн-өзү өтөт;

- үч жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын судья кадрларынын

резерви таратылды деп эсептелет, ал эми ага киргизилген жана бул

мөөнөттүн ичинде судьянын кызмат орунуна дайындалбаган адамдар Кыргыз

Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иштери боюнча Улут-

тук кењеш жөнүндө жобого ылайык жалпы негиздерде судьянын кызмат оруу-

нуна атаандаша алат;

- Кыргыз Республикасынын судья кадрларынын резервине киргизилген,

жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат орунун ээлөөгө конкурска каты-

шууга арыз берген, бирок квалификациялык тандоодон өтпөгөн адамдар Кыр-

гыз Республикасынын судья кадрларынын резервинен чыгарылды деп эсепте-

лет жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот адилеттик иш-

тери боюнча Улуттук кењеш жөнүндө жобого ылайык жалпы негиздерде судь-

янын кызмат орунуна атаандаша алат.

4. "Кыргыз Республикасынын судьяларын аттестациялоону өткөрүү тар-

тиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр

киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот

адилеттик иштери боюнча Улуттук кењешитин жергиликтүү соттордун судь-

яларын аттестациялоону өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарын Кыргыз Респуб-

ликасынын Жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоо боюнча комис-

сия жүзөгө ашыра тургандыгы белгиленсин, анын курамы "Кыргыз Республи-

касынын Жергиликтүү сотторунун судьяларын аттестациялоо боюнча комисси-

янын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин

2001-жылдын 13-мартындагы N 92 Указы менен бекитилген.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна, Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Эл өкүлдөр жыйынына,

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кыргыз мамлекеттик

юридикалык академиясына, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян уни-

верситетине, "Кыргыз Республикасынын адвокаттар Союзу" коомдук бирикме-

сине жана "Кыргызстан юристтери" Ассоциациясы" коомдук бирикмесине ушул

Жарлыктын 1-пунктуна ылайык Улуттук кењештин курамына өз талапкерлерин

бир айлык мөөнөттө көрсөтүү сунуш кылынсын.

6. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республика-

сынын Президентинин Администрациясынын юридикалык бөлүмү ушул Жарлыктын

1-пуиктуна ылайык Улуттук кењештин курамына өз талапкерлерин бир айлык

мөөнөттө сунуш кылсын.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын судьяларын аттестациялоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-мартындагы N 68 Указы;

- "Кыргыз Республикасынын судьяларын аттестациялоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-мартындагы N 68 Указынын

3-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентинин 1999-жылдын 2-ноябрындагы N 279 Указы;

- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына да-

йындоого талапкерлерди көрсөтүү тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 30-ноябрындагы N 307 Указы.

8. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
