# Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 242 "Малдарды, жылкыларды идентификациядан өткөрүүгө, муниципалдык менчик раскол куруу үчүн ,10 сотых жерди убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берүү" токтому

- Толук аталышы: Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 242 "Малдарды, жылкыларды идентификациядан өткөрүүгө, муниципалдык менчик раскол куруу үчүн ,10 сотых жерди убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берүү" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55220/edition/964684/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июнундагы № 242 "Малдарды, жылкыларды идентификациядан өткөрүүгө, муниципалдык менчик раскол куруу үчүн ,10 сотых жерди убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берүү" токтому (10.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420462

---

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз XXIII сессиясы

2019-жылдын 10-июну № 242 Малдарды, жылкыларды идентификациядан өткөрүүгө, муниципалдык менчик раскол куруу үчүн, 10 сотых жерди убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берүү

Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде малдарды, жылкыларды идентификациядан өткөрүүгө, Кандава жолундагы Жар-Чектен 10 сотых жерди муниципалдык менчик раскол куруп, убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Контурун изилдеп, тактоо, мыйзамдуулугун карап чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.

Төрага

А.Кимсанов
