# Көл-Төр айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 5-февралындагы № 2 "Айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Макеев Шайлообектин арызын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көл-Төр айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 5-февралындагы № 2 "Айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Макеев Шайлообектин арызын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55202/edition/956890/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көл-Төр айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 5-февралындагы № 2 "Айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Макеев Шайлообектин арызын кароо жөнүндө" токтому (05.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420444

---

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

2019-жылдын 5-февралы № 2 Айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Макеев Шайлообектин арызын кароо жөнүндө

Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Макеев Шайлообектин “Водохранилище” участкасындагы №187 контурунан асылдуулугу төмөн жайыт жеринен өздөштүрүп алган 5,0 га жер аянтын максаттуу пайдалануу багытын айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш түрүнө трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп, талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясына, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-ж. №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.06.2008-ж. №306 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-ж. №169 “Жерлерди трансформациялоонун тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна” ылайык “Водохранилище” участкасындагы №187 контурунан асылдуулугу төмөн жайыт жеринен өздөштүрүп алган 5,0га жер аянтын көп жылдык мөмө жемиш түрүнө трансформациялоо Тоң райондук жерди трансформациялоо боюнча комиссиясына уруксаат берүүгө сунушталсын.

2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Азизовго, көзөмөлдөө жагы агрардык комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

У. Мааткеримов
