Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкорбаев айылдык кеңешинин -27 «Кочкорбаев айылдык кенешинин жана айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө» токтому
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 6-марты № 101/ХVI -27 Кочкорбаев айылдык кенешинин жана айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Л. Суюнтбекованын сунуштаган Кочкорбаев айылдык кенешинин жана айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата иш планын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айылдык кеңешинин жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата аткаруучу иштеринин планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2019-жылга карата аткаруучу иштеринин планын көзөмөлдөө жана аткаруу айылдык кеңештин төрагасы А. Албекеновго жүктөлсүн.
3. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата аткаруучу иштеринин планын көзөмөлдөө жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго жүктөлсүн.
Төрага
А. Албекенов
БЕКИТИЛСИН Кочкорбаев айылдык Кенешинин төрагасы Албекенов А.Б. ________________________
06.03.2019 -жыл
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ЖАНА КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН 2019-ЖЫЛГА КАРАТА АТКАРУУЧУ ИШТЕРИНИН ПЛАНЫ
№
Аткарылуучу иш чаралар
Аткаруу мөөнөтү
Жооптуу кызматкерлер
Кочкорбаев айылдык кенешинин сессиясында каралуучу маселелер
1-квартал
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык –экономиканы өнүктүрүү планы 2018-жылдагы аткарылышы жана 2019-жылга карата социалдык –экономиканы өнүктүрүү боюнча планын түзүп бекитүү
1 квартал
Айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К. Керимкулов
2018-жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2019-жылга карата бюджеттин проектисин бекитүү
1 квартал
Каржы бөлүмүнүн башчысы Эгемкулова Д.О.
Жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган ишинин отчету 2019-жылга карата иш планын бекитүү
1 квартал
Жайыт комитетинин төрагасы Р. Качкимбаев
“Кенеш Суу”, “Ай Барат” суу пайдалануучулар ассоциациясынын СПАнын 2018-жылы аткарган иш аракеттеринин отчету жана 2019-жылга карата иш планы боюнча
1 квартал
СПАнын мүдүрлөрү М. Коомбаев, Айвазов
2 квартал
Кочкорбаев айыл өкмөтүндө тартип бузууга каршы күрөшүү боюнча аткарган иштер жөнүндө маалымдамасы
2-квартал
Участкалык инспектор, Аксакалдар сотунун төрагасы С. Будайчиев
Айыл башчыларынын аткарган иштери боюнча отчету
2-квартал
Айыл башчылары Т. Исаков, Б. Казабаев
Маданият үйүнүн башчысынын аткарган ишинин отчету
2-квартал
Маданият үйүнүн башчысы В. Дурсунова
Ветеринардык врачтын 2018-жыл ичинде жана 2019-жылдын 1 чейрегинде аткарган ишинин отчету, малдарды идентификациялоо боюнча аткарылып жаткан иш аракеттердин отчету
2-квартал
Жеке ветеринардык врачтар
3-квартал
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр ФПС боюнча” мыйзамын аткаруу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү төлөмдөр айыл чарбалык эмес жерлердин салыктары жөнүндө” мыйзамын аткаруу
3-квартал
Жетектөөчү адис Г. Тынаева
Калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндо
3-квартал
Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы
Кыргыз Респуликасынын “Билим берүү жөнүндө” законунун аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
3-квартал
Мектеп директорлору М. Кайдулатова, С. Койлубаева, А. Абдылдаева
4 квартал
Муниципалдык менчик объектилерди көзөмөлдөө жөнүндө
4-квартал
Жер боюнча башкы адис С. Адиков
Социалдык жактан коргоо боюнча аткарылган иш аракеттердин отчету
4-квартал
А. Чуйтиев
( муниципалдык ишкананын отчету)
4-квартал
М. Карагулаков, Айвазов
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ ОТУРУМДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕР
№
КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕНИН МАЗМУНУ
АТКАРУУ МӨӨНӨТҮ
АТКАРУУЧУ
Жыл башында аткарылуучу иштердин планын тузуп бекитүү. Курултайга даярдануу жана өткөрүү
январь
Жооптуу катчы Суюнтбекова Л.Э. , айыл өкмөтүнүн аппараты
Советтик аскердин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылышынын күнүн 30 жылдыгын белгилөө жөнүндө
январь
А. Чуйтиев
8-март Аялдардын Эл Аралык күнүн өткөрүү жөнүндө
февраль
А. Чуйтиев
Айыл башчыларынын аткарган иштери боюнча отчету жана 2019-жылга карата иш планы.
февраль
Т. Исаков, Б. Казабаев
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча программасын” ишке ашыруу максатында иш жүргүзүү
март
Г. Тынаева жана айыл башчылары Т. Исаков, Б. Казабаев
2018-жылдын 1- кварталынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышы (Салык боюнча)
апрель
Г. Тынаева
Кыргыз Республикасынын Президентинин “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жениш күнүн майрамдоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү” жарлыгын аткаруу жөнүндө
апрель
А. Чуйтиев, А. Кубанова
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги “Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндөгү” № 63 жарлыгын аткаруу
май
А. Чуйтиев
Ысык-Ата районунда калктуу конуштардын аймактарында, айлана чөйрөнү тазалоо жана инфраструктураны көтөрүү, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын жыйынтыгы жөнүндө
май
Айыл башчылары Т. Исаков, Б. казабаев
“Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын” ишке ашыруу боюнча иш жүргузүү
июнь
Айыл башчылары Т. Исаков жана Б. Казабаев
Жогорку органдар жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан келген иш кагаздардын аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө
июнь
Жооптуу катчы Л. Суюнтбекова
Жашоочулардан түшкөн арыздардын аткарылышын көзөмөлдөө жана өз учурунда чечүү боюнча жүргүзүлгөн иштер
июль
Жооптуу катчы Л. Суюнтбекова
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.10.2017-жылдагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы калкты турак –жай фондун каттоого даярдоо жана өткөрүү боюнча” токтомдун аткарылышы боюнча
июль
Башкы адистер С. Адиков жана М. Сариева
Кенеш, Буденовка орто мектептеринин 2019-2020-окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
август
Мектеп директорлору М. Кайдулатова жана С. Койлубаева
31-август Кыргыз Респуликасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун салтанатууу иш чарасы жөнүндө
август
А. Чуйтиев
Кочкорбаев айыл аймагынын экономика-тармактары менен калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
Карылар күнүн бир айлыгын өткөрүү боюнча
сентябрь
А. Чуйтиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы №600 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасы жөнүндө” токтомун аткаруу
октябрь
Спорт инструктор Р. Качкимбаев
Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бир айлыгын өткөрүү
ноябрь
А. Чуйтиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды “Жарлыгынын аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө
2017-жылдагы соицалдык-экономикалык өнүгүү боюнча пландын аткарылышы жөнүндө
декабрь
Жооптуу катчы Л. Суюнтбекова
Жооптуу катчы: Л. Суюнтбекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга "Спорттук Кыргызстан" программасы жөнүндө" токтомуПостановление · 22.09.2017 · № 600 · Күчүн жоготкон