# Ананьев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 27/21-5 "Мини футбол курганга жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ананьев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 27/21-5 "Мини футбол курганга жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/21-5
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55119/edition/954319/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ананьев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 27/21-5 "Мини футбол курганга жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө" токтому (14.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420361

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

2019-жылдын 14-марты № 27/21-5 Мини футбол курганга жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 15.03.2001-жылдагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинни негизинде жана жаштар уюмунун сунушун карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ананьев айлындагы Н.Г.Лященко атындагы мектептин территориясынан мини футбол курганга жер тилкеси бекитилип берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курорттук зонаны өркүндөтүү, туризм, экология, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар иштери, социалдык маселелр жана этика комиссиясына тапшырылсын.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага

Окенаев Т.М
