Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ананьев Айылдык Кеӊешинин «Лиман жакка кеткен жолдун боюндагы куураган теректерди жаштарга берүү жөнүндө» токтому
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 14-марты № 27/21-4 Лиман жакка кеткен жолдун боюндагы куураган теректерди жаштарга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана жаштар уюмунун кайрылуусун карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лиман жакка кеткен жолдун боюндагы куураган 47 түп теректерди жаштар уюмуна кыйып алуу үчүн берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Т.Кубат уулуна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курорттук зонаны өркүндөтүү, туризм, экология, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар иштери, социалдык маселелр жана этика комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага
Окенаев Т.М
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Ананьев айылдык кеңешинин 2015-жылдын 3-июлундагы № 7 "Айылдык Кеӊештин ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде чыгаруу жөнʏндө" токтомуПостановление · 03.07.2015 · № 7