# Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы № 95/XXVIII - 3 "Калк жашаган аймактагы таштандыларды ташып чыгаруу кызматынын акысынын жогорулашы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы № 95/XXVIII - 3 "Калк жашаган аймактагы таштандыларды ташып чыгаруу кызматынын акысынын жогорулашы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 95/XXVIII-3
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55099/edition/991882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/420341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы № 95/XXVIII - 3 "Калк жашаган аймактагы таштандыларды ташып чыгаруу кызматынын акысынын жогорулашы жөнүндө" токтому (28.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420341

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-марты № 95/XXVIII-3 Калк жашаган аймактагы таштандыларды ташып чыгаруу кызматынын акысынын жогорулашы жөнүндө

(Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 28-майындагы № 97/XXIX-1 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын “Салыктар эмес кирешелер жөнүндө” мыйзамынын 75-76-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасынын негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 01-январынан тартып калктуу конуштардан таштандыларды чогултуунун баасынын көлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин:

-18 жаштан жогорку ар бир тургунга жылына бир жолу 15 (он беш) сомдон;

- жеке жана юридикалык жактар – ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр ар бир жумушчуга же бекитилген аянттын бир чарчы метрине жылына бир жолу 99 (токсон тогуз) сом төлөйт.

2. Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөө мөөнөтү ар бир жылдын 1-июлунан кечиктирилбей төлөнүүсү көрсөтүлсүн.

3. Кайыңды кыштактык кеңешинин (азыркы Кайыңды шаардык кеңеши) 2009-жылдын 6-мартындагы №17/IV-3 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
