# Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы № 94/XXVIII - 2 "Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы № 94/XXVIII - 2 "Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 94/XXVIII - 2
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420340>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55098/edition/953935/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/420340.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы № 94/XXVIII - 2 "Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (05.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420340

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-марты № 94/XXVIII - 2 Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө

“САЖ Кудайберген-жол” жоопкерчилиги чектелген уюмунун 2019-жылдын 12-февралындагы №01-4-69, “Жумадил” жоопкерчилиги чектелген уюмунун 2019-жылдын 4-мартындагы №7 “Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифин бекитип берүү жөнүндө” кайрылууларын, №334 “Бишкек-Кайыңды, №329 Кара-балта- Кайыңды багыттары боюнча каттамдардын жүргүнчүлөрдү ташуудагы өздүк наркын карап чыгып, аталган багыттар боюнча каттамдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “ “Автомобилдик транспорт жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайынды шаарынын аймагынан жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук автоунааларга (маршруттук таксилерге) тарифтер төмөнкү тартипте бекитилсин:

-“Кайыңды-Бишкек” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 70 (жетимиш) сом ; -“Кайыңды-Кара-Балта” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 25 (жыйырма беш) сом;

- Кайыңды шаарынын ички каттамы бир адам үчүн бир тарабына 10 (он) сом.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
