# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 84/14-27 "Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жарандарына материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 84/14-27 "Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жарандарына материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 84/14-27
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55079/edition/953927/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/420321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 84/14-27 "Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жарандарына материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө" токтому (21.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420321

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 21-декабры № 84/14-27 Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жарандарына материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси З.Муратованын КРнын «КРнын калкын социалдык тейлөөнүн негизи жөнүндө» Мыйзамынын 11-б. негизинде арыз менен кайрылган Ак-кудук айыл аймагынын жарандарына «Материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арыз менен кайрылган жарандарга тиркемеге ылайык төмөнкү категориядагы жарандарга бекитилген тариф менен материалдык жардам көрсөтүлсүн:

-УАМ согуштун катышуучуларына жана жесирлерине –5000 сом. -оорук эмгекчилерине-5000 сом. -башка өлкөнүн аймагында катышкан аскер кызматкерлерине –2000 сом. -ЧАЭСнун катышуучуларына жана жабырлануучуларына–2000 сом.

- көрүү жана угуу боюнча 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге - 3000 сом, 2-топтогуларга-2000 сом.

- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө –4000 сом.

- жашы жете элек балдары бар “Баатыр энелерге” -5000 сом (6 жашы жете элек балдары бар).

-1,2-топтогу майыптарга: 1-топ – 3000 сом, 2-топ -2000 сом.

- 18 жашка чейинки жетим балдарды баккан ата-эне, багуучуларга -2000 сом.

- социалдык паспорту бар үй-бүлөлөргө -2000 сом.

2. Көмүр алууга материалдык жардам көрсөтүүгө арыз менен кайрылган жарандарга 5000 сом өлчөмүндө каражат бекитилип, төмөнкү жарандарга берилсин:

- УАМ согуштун катышуучуларына жана жесирлерине;

-оорук эмгекчилерине;

- башка өлкөнүн аймагында катышкан аскер кызматкерлерине;

- ЧАЭСнун катышуучуларына жана жабырлануучуларына;

- көрүү жана угуу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерге;

- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө;

- жашы жете элек балдары бар “Баатыр энелерге”;

-18 жашка чейинки жетим балдарды баккан ата-эне, багуучуларга;

- социалдык паспорту бар үй-бүлөлөргө.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө мыйзамдуулук, тартип сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

У.Суваналиев
