# Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 82/XIV-27 "Курулуш үчүн жер тилкесин пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 82/XIV-27 "Курулуш үчүн жер тилкесин пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82/XIV-27
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55077/edition/953931/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/420319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 82/XIV-27 "Курулуш үчүн жер тилкесин пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө" токтому (21.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420319

---

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 21-декабры № 82/XIV-27 Курулуш үчүн жер тилкесин пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.08.2018-жылдагы №396 – «Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартиби» токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 27-б. 3-п. негизинде АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жол жана транспорт министрлиги Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан «Кант-Чүй көпүрө» автоунаа жолундагы «Ак-Тилек» бажы постунан 0,5 км, бери сугат суусу жүрүүчү ачык дренажда (ирригациялык тармактар каналы) жайгашкан жер тилкесин Кыргыз Республикасына товарларды ташып киргизүү жана тескөө максатында обьект куруу үчүн колдонууга болот деп эсептейт.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

У.Суваналиев
