# Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы № 86/19/27 «Бир жолку берилүүчү материалдык жардам берүү тартиби жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы № 86/19/27 «Бир жолку берилүүчү материалдык жардам берүү тартиби жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 86/19/27
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55063/edition/953869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/420305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы № 86/19/27 «Бир жолку берилүүчү материалдык жардам берүү тартиби жөнүндө» токтому (18.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420305

---

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-декабры № 86/19/27 «Бир жолку берилүүчү материалдык жардам берүү тартиби жөнүндө»

Люксембург айылдык кенешинин депутаттарынын Люксембург айыл аймагынын жарандарына бир жолку берилүүчү материалдык жардам берүү тартиби жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык Люксембург айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жыл сайын белгиленүүчү Майыптардын эл аралык күнүнө карата бир жолку материалдык жардам берилсин:

- I жана II топтогу майыптарга – 1000 (миң) сом;

- III топтогу майыптарга – 500 (беш жүз) сом;

2. Юбилейлик даталарга карата төмөндөгү адамдардын категорияларына берилсин:

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына – 7000 (жети миң) сом;

-Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлерине – 3000 (үч миң) сом;

- оруктагы эмгекчилерге жана эмгек аскерлерине – 3000 (үч миң) сом;

- башка мамлекеттердин аймагында согушка катышкан аскер кызматчыларына жана курман болгон аскер кызматчыларына – 5000 (беш миң) сом;

- Чернобыль атомдук станциядагы кыйроонун катышуучуларына жана жабыр тарткандарга – 5000 (беш миң) сом;

- Апрель элдик революциясынын катышуучуларына жана жабыр тарткандарга – 5000 (беш миң) сом;

- Баткен окуяларынын катышуучуларына жана жабыр тарткандарга – 5000 (беш миң) сом.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, мыйзамдуулук жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Адамалыевге жүктөлсүн.

Төрага

А. Кожонов
