# Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы № 83/19/27 «Муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы № 83/19/27 «Муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83/19/27
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420302>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55060/edition/953875/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/420302.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы № 83/19/27 «Муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары жөнүндө» токтому (18.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420302

---

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-декабры № 83/19/27 «Муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары жөнүндө»

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18,19,62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 21.12.2018-жылдагы №07/3209 катына ылайык Люксембург айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург айыл аймагында муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары үчүн төмөндөгүдөй тарифи коюлсун:

- экскаватор кызматы – 1200 (бир миң эки жүз) сом 1 саат иши үчүн;

- ЗИЛ-130 унаасынын кызматы – 1000 (бир миң) сом 1 рейси үчүн;

- айыл аймагынын чегинен тышкары чыгышына, жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарынын көлөмүнө жараша акы төлөсү коюлсун

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

Төрага

А. Кожонов
