# Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы № 82/19/27 «Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы № 82/19/27 «Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82/19/27
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55059/edition/953877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/420301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Люксембург айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы № 82/19/27 «Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу жөнүндө» токтому (18.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420301

---

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-декабры № 82/19/27 «Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу жөнүндө»

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифти жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бейсалык төлөмдөр жөнүндө” мыйзамынын 12.1-беренесинин 2-б., Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 23.10.2018-жылдагы №07/2613 катына ылайык Люксембург айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бир адамга 25 (жыйырма беш) сом тарифи коюлсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

Төрага

А. Кожонов
