# Орловка шаарынын Кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 99/16-27 "Мэрия кызматкерлеринин 2019-жылга штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаарынын Кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 99/16-27 "Мэрия кызматкерлеринин 2019-жылга штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99/16-27
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55031/edition/953713/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/420273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаарынын Кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 99/16-27 "Мэрия кызматкерлеринин 2019-жылга штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (24.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420273

---

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Орловка шаарынын Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI кезектеги сессиясы

2019-жылдын 24-январы № 99/16-27 Мэрия кызматкерлеринин 2019-жылга штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 беренесинин 13 пунктуна, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 07.08.2017 жылдын №466 “Кыргыз Республикасыныны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” Токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.10.2013 жылдын № 543 “Өкмөт токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат менен алектенген иштеген кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" 23.01.2008 ж. № 22 Токтомдоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03.2017 жылдын № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жана баа берүү жөнүндө”, ошондой эле каржы-экономикалык бөлүмү тарабынан берилген материалдар менен таанышып, Орловка шаарынын Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылга Орловка шаарынын Кеңешинин штаттык тизмеси бекитилсин, 2 даана өлчөмүндө. № 1 Тиркемеге ылайык.

2. 2019 жылга Мэриянын аппаратынын штаттык тизмеси бекитилсин, 18 даана өлчөмүндө, анын ичинде 15 даана негизги кызматкерлери, 3 даана ТТК жана ККК, № 2 Тиркемеге ылайык.

3. 2019 жылга Орловка шаарынын мэриясынын ТЖКК бөлүмүнүн штаттык тизмеси бекитилсин, 46,5 даана ТТК жана ККК, № 3 Тиркемеге ылайык.

4. 2019 жылга “Маданият” бөлүмүнүн штаттык тизмеси бекитилсин, 15,5 даана, № 4Тиркемеге ылайык.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровка жүктөлсүн.

Төрага

Д.С. Сарбаев
