# А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы № 75 "Токтогул райондук прокуратурасынын ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү сунушу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы № 75 "Токтогул райондук прокуратурасынын ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү сунушу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55006/edition/953605/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы № 75 "Токтогул райондук прокуратурасынын ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү сунушу жөнүндө" токтому (15.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420248

---

А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы

2019-жылдын 15-майы № 75 Токтогул райондук прокуратурасынын ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү сунушу жөнүндө

Кыргыз Респбуликасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жэ ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде Токтогул райондук прокуратурасынын ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү сунушу жөнүндөгү маселени А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы карап жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Респбуликасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жэ ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде Токтогул райондук прокуратурасынын ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү сунушу боюнча тез аранын ичинде өздөрүнүн кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлктөрү тууралуу декларацияны тапшыруу жагы А.Суеркулов атындагы айылдык кеӊешинин депутаттарына милдеттендирилсин.

2. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.

3. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

Төрага

У. Бучуков
