Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Сай айылдык кеңешинин «Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлериди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2018-жылдын 8-декабры № 5 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлериди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-матындагы № 21, 2017-жылдын 01-июлундагы № 95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Төө-Таш участкасынан 0,15га жер тилкеси АЗС куруу үчүн жана Чек участкасында жайгашкан 0,30га жер тилкеси авто унаа куруу үчүн трансформациялоо максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVIII-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Төө-Таш участкасынан 0,15га жайыт жер тилкеси АЗС куруу үчүн жана Чек участкасындагы 0,30га жайыт жер тилкесин авто унаа оңдоочу жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия жер маселеси боюнча комиссия курамына жүктөлүн.
Төрага
С. Анаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 01.06.2017 · № 95
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 19.03.2016 · № 21 · Күчүн жоготкон