# Покровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 3-декабрындагы № 28 "Покровка айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Покровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 3-декабрындагы № 28 "Покровка айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420057>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54844/edition/925672/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Покровка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 3-декабрындагы № 28 "Покровка айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө" токтому (03.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420057

---

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 25-чакырылышынын кезектеги 8 сессиясы

2018-жылдын 3-декабры № 28 "Покровка айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды уюштурууну жакшыртуу, кызматтарды алуу процедураларын жөнөкөйлөүтүрүү, калкка кызматтарды кыска мөөнөттө, бир жерде алуунун камсыздоо максатында Покровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Покровка айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобосу бекитилсин. (1-тиркеме)

2.”Бирдиктүү терезе ”принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин типтүү формасы бекитилсин (2-тиркеме).

3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго жүктөлсүн.

Төрага

М.Т.Садыков
