# Кочкор айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6- декабрындагы № 35/4 “Муниципалдык жер аянттарына менчик же ижара укугун берүүчү комиссияны бекитүү Жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кочкор айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6- декабрындагы № 35/4 “Муниципалдык жер аянттарына менчик же ижара укугун берүүчү комиссияны бекитүү Жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35/4
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/420043>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54830/edition/925368/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6- декабрындагы № 35/4 “Муниципалдык жер аянттарына менчик же ижара укугун берүүчү комиссияны бекитүү Жөнүндө” токтому (06.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/420043

---

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

2018-жылдын 6- декабры № 35/4 “Муниципалдык жер аянттарына менчик же ижара укугун берүүчү комиссияны бекитүү Жөнүндө” Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXV-сессиясы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын 04.12.2018-жылдагы №644 катын карап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү жобосуна” жана КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекече турак-жай курууга жер аянттарын бөлүп берүүгө карата комиссия түзүү жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн 24.10.2017-жылындагы №304-буйругу бекитилсин.

2. Бул комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү жобосун” жетекчиликке алуу менен иш алып барышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.

Төрага

Т.Балкыбеков
