# 8-берене. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары жана ыйгарым укуктары

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 8-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-8

---

Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менчигинин түрүнө карабастан электр байланышы жаатындагы бардык жөнгө салынуучу субъекттер үчүн милдеттүү болуп саналат. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгымдары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчүнүн түшкөн акчасынан 0,9 пайыз өлчөмүндө байланыш тармагын өнүктүрүүгө ар жылдагы чегерүүлөрдүн, алар толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш, анын ичинен бюджеттен 40 пайызы байланыш тармагын өнүктүрүүгө багытталат;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн;

- гранттардын, донордук жана башка уюмдардын жардамынын;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 314 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-9)
