# 41-берене. Эл аралык келишимдер

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 41-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-41

---

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде электр байланышы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандагыдан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. Байланыш жагынан эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашуулары менен келишимдерине ылайык түзөт. Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын катышуусу менен байланыш жагындагы иш-аракеттерге колдонулуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана чет мамлекеттин мыйзамдарынын ченемдери карама-каршы келген учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башка жагдайлар каралбаса, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат. Электр байланышы боюнча эл аралык уюмдардын ишмердигине Кыргыз Республикасынын катышкандыгы үчүн төлөнүүчү мүчөлүк акылар, милдеттүү түрдө мамлекет тарабынан каржыланууга тийиш. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-40)  
Кийинки берене: [411-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-411)
