# 40-берене. Электр байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана электр байланышы каражаттарын колдонууга жол бербөө

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 40-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-40

---

Электр байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү, ошондой эле электр байланышы чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат. Күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу алар келтирген зыяндын ордун толтуруудан аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошотпойт. Мамлекеттин коопсуздугуна каршы келген, коомдук тартипти бузуу жана жарандардын ар-намысына' жана кадыр-баркына шек келтирүү, ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу, баңги каражаттарын, прекурсорлорду, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун таратуу максатында электр байланышы каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Айып пулду салуу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Айып пулду төлөө юридикалык жана жеке жактарды электр байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузууну токтотуу тууралуу буйрукту аткаруудан бошотпойт. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-41)
