# 39-берене. Тейленүүчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилик

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VIII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 39-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-39

---

Менчиктин бардык түрүндөгү юридикалык жана жеке жактар тейлөө кызматын керектөөчүлөрдүн алдында аткарылбаган же талапка ылайык келбегендей аткарылган тейлөө кызматы үчүн төмөндөгүдөй материалдык жоопкерчилик тартышат: (абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- байланыштын техникалык каражаттарын, телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну арендалоо келишимдеринде аныкталган милдеттенмелердин талапка ылайык эмес аткарылгандыгы үчүн - келишимдердин шарттары боюнча;

- телефон байланышындагы жана радиоуктуруудагы бузулуулар көзөмөлдүк мөөнөттү кечиктирүү менен четтетилген учурда, абоненттик төлөм иштебей турган бардык убакыт үчүн алынбайт.

Дооматтарды коюунун тартиби жана мөөнөттөрү электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте бекитүүчү тиешелүү жобо менен жөнгө салынат. Юридикалык жана жеке жактар чама жеткис күчтүн (жер титирөө, суу ташкыны, бороон-чапкын ж.у.с.) таасиринин натыйжасында же керектөөчүлөрдүн күнөөсү боюнча жана Кыpгыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда милдеттенмелерин аткарбагандыктары же талапка ылайык келбегендей аткаpгандыктары үчүн керектөөчүлөрдүн алдында материалдык жоопкерчиликти тартышпайт. Байланыштын тейлөө кызматынан пайдалануучу ушул беренеде аныкталган ордун толтуруунун өлчөмү менен макул болбогон учурда байланыштын операторлору милдеттерин талапка ылайык келбегендей аткаргандыктарынын натыйжасында ага келтирилген чыныгы чыгашалардын, моралдык зыяндын, алынбай калган пайданын ордун толтуруу маселелери, ошондой эле тейлөө кызматын керектөөчүлөр менен байланыштын операторлорунун ортосундагы башка талаш-тартыштар соттук тартипте каралат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-40)
