39-берене. Тейленүүчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилик
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · VIII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Менчиктин бардык түрүндөгү юридикалык жана жеке жактар тейлөө кызматын керектөөчүлөрдүн алдында аткарылбаган же талапка ылайык келбегендей аткарылган тейлөө кызматы үчүн төмөндөгүдөй материалдык жоопкерчилик тартышат: (абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- байланыштын техникалык каражаттарын, телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну арендалоо келишимдеринде аныкталган милдеттенмелердин талапка ылайык эмес аткарылгандыгы үчүн - келишимдердин шарттары боюнча;
- телефон байланышындагы жана радиоуктуруудагы бузулуулар көзөмөлдүк мөөнөттү кечиктирүү менен четтетилген учурда, абоненттик төлөм иштебей турган бардык убакыт үчүн алынбайт.
Дооматтарды коюунун тартиби жана мөөнөттөрү электр байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте бекитүүчү тиешелүү жобо менен жөнгө салынат. Юридикалык жана жеке жактар чама жеткис күчтүн (жер титирөө, суу ташкыны, бороон-чапкын ж.у.с.) таасиринин натыйжасында же керектөөчүлөрдүн күнөөсү боюнча жана Кыpгыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда милдеттенмелерин аткарбагандыктары же талапка ылайык келбегендей аткаpгандыктары үчүн керектөөчүлөрдүн алдында материалдык жоопкерчиликти тартышпайт. Байланыштын тейлөө кызматынан пайдалануучу ушул беренеде аныкталган ордун толтуруунун өлчөмү менен макул болбогон учурда байланыштын операторлору милдеттерин талапка ылайык келбегендей аткаргандыктарынын натыйжасында ага келтирилген чыныгы чыгашалардын, моралдык зыяндын, алынбай калган пайданын ордун толтуруу маселелери, ошондой эле тейлөө кызматын керектөөчүлөр менен байланыштын операторлорунун ортосундагы башка талаш-тартыштар соттук тартипте каралат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Тейленүүчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилик
Менчиктин бардык түрүндөгү юридикалык жана жеке жактар тейлөө кызматын керектөөчүлөрдүн алдында аткарылбаган же талапка ылайык келбегендей аткарылган тейлөө кызматы үчүн төмөндөгүдөй материалдык жоопкерчилик тартышат:
- ички почта жөнөтмөлөрүнүн, посылкалардын жана контейнерлердин жоготулгандыгы үчүн - жарыяланган баанын жана тейлөө кызматынын баасынын өлчөмүндө (баалуулугу жарыяланбаса - тейлөө баасынын өлчөмүндө);
- баалуу почта жөнөтмөлөрүнүн жоготулгандыгы үчүн - жарыяланган баалуулуктун жана тейлөө кызматынын баасынын өлчөмүндө;
- почталык жана телеграфтык которуулар боюнча акча төлөнбөгөндүгү үчүн - төлөнбөгөн которуунун суммасынын жана тейлөө кызматынын баасынын өлчөмүндө;
- эл аралык почта жөнөтмөлөрү, телеграфтык билдирүүлөр жана акча которуулары үчүн - Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин жана Эл аралык электр байланыш бирлигинин келишимдерине жана актыларына ылайык;
- тапшырылбаган же кечигип тапшырылган телеграммалар үчүн - тейлөө кызматынын баасынын өлчөмүндө; чыгашалардын ордун толтуруудан сырткары ушул бөлүмдүн экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана ушул абзацтарында каралгандай учурларда байланыш жагында тейлөө кызматын аткаруучу юридикалык жана жеке жактардан керектөөчүлөрдүн пайдасына тейлөө баасынын 25 процентинин өлчөмүндөгү кошумча айып алынат;
- байланыштын техникалык каражаттарын, телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну арендалоо келишимдеринде аныкталган милдеттенмелердин талапка ылайык эмес аткарылгандыгы үчүн - келишимдердин шарттары боюнча;
- телефон байланышындагы жана радиоуктуруудагы бузулуулар көзөмөлдүк мөөнөттү кечиктирүү менен четтетилген учурда, абоненттик төлөм иштебей турган бардык убакыт үчүн алынбайт.
Дооматтарды коюунун тартиби жана мөөнөттөрү транспорт жана коммуникациялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен биргелешип бекитүүчү тиешелүү жобо менен жөнгө салынат.
Юридикалык жана жеке жактар чама жеткис күчтүн (жер титирөө, суу ташкыны, бороон-чапкын ж.у.с.) таасиринин натыйжасында же керектөөчүлөрдүн күнөөсү боюнча жана Кыpгыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда милдеттенмелерин аткарбагандыктары же талапка ылайык келбегендей аткаpгандыктары үчүн керектөөчүлөрдүн алдында материалдык жоопкерчиликти тартышпайт.
Байланыштын тейлөө кызматынан пайдалануучу ушул статьяда аныкталган ордун толтуруунун өлчөмү менен макул болбогон учурда байланыштын операторлору милдеттерин талапка ылайык келбегендей аткаргандыктарынын натыйжасында ага келтирилген чыныгы чыгашалардын, моралдык зыяндын, алынбай калган пайданын ордун толтуруу маселелери, ошондой эле тейлөө кызматын керектөөчүлөр менен байланыштын операторлорунун ортосундагы башка талаш-тартыштар соттук тартипте каралат.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 4 ноября 2004 года №11 «О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении морального…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 37
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 4 ноября 2004 года №11 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении морального вреда".Постановление Пленума Верховного суда · 04.11.2004 · № 11
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/42/st-39" title="39-берене - Электр жана почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>