# 34-берене. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарына жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматтарына келтирилген кырсыктардын кесепети

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 34-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-34

---

Жалпы пайдалануудагы электр байланыш операторлору жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирип берүүчүлөрү кыйроолордун же табигый апааттардын натыйжаларын азайтуу же жоюу жана мындай апааттардан же кыйроолордон кийин өздөрүнүн электp байланыш таpамдарынын ишмердигин кайрадан калыбына келтирүү жана тейлөө кызматын кайрадан улантуу үчүн зарыл чараларды кабыл алууга милдеттүү. Электр байланышынын мындай операторлору жана кызматтары тиешелүү мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрыла алышат жана алар керектүү колдоону көрсөтүүгө тийиш, буга жумушчу күчтөрүн, транспорт каражаттарын жана дагы башка ресурстарды берүү да кирет. Электр байланыш операторлору жана кызматтары мамлекеттик органдарга алар тарткан чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, буга мындай органдар чыгымдарды өзүнө алууну чечкен учурлар кирбейт. Жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тарамдарына жана жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматтарына келтирилген зыяндарды жоюу үчүн электр байланыш операторлору жана кызматтары өздөрүнүн курулуштарын реконструкциялоону жана калыбына келтиpүүнү жүргүзүшөт жана жаратылышты коргоо боюнча зарыл чараларды ишке ашырышат.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-33)  
Кийинки берене: [341-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-341)
