# 33-берене. Жалпы пайдалануудагы электp байланыш тарамдарынын операторлорунун курулуштарын пайдалануу

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 33-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-33

---

Жалпы пайдалануудагы электp байланышынын таpамдаpынын опеpатоpлоpу электp байланышынын башка опеpатоpлоpуна, кабелдик телекөрсөтүү тутумунун операторлоруна жана массалык маалымат каражаттарынын дагы башка кызматтарына техникалык мүмкүнчүлүктөр болгон жерлерде, кабелдик проводдорго, коллекторлорго, өтүү укугуна, тирөөчтөрдү жана башка курулуштарга чыгууга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү. Мындай кабелдик проводдорду, коллекторлорду, өтүү укугун, тирөөчтөрдү жана башка курулуштарды пайдаланышкан операторлор:

- жалпы пайдалануудагы электp байланыш таpмагынын опеpатоpунун тарамды иштетүүдө, тейлөө кызматын берүүдө жана дагы башка ишмердигин жүргүзүүдө өзүнүн курулуштары жана тейлөө кызматтары техникалык же физикалык бөгөттөрдү же тоскоолдуктарды пайда кылбашы үчүн жооп берүүгө;

- ушундай бөгөттөрдү же тоскоолдуктарды жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө;

- жогоруда көрсөтүлгөн бөгөттөрдүн же тоскоолдуктардын келип чыгышынын натыйжасында келтирилген бардык чыгымдарды, зыяндарды же дагы башка экономикалык чыгашаларды жалпы пайдалануудагы электp байланыш таpамынын опеpатоpуна толук өлчөмдө ордун толтурууга милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-34)
