# 32-берене. Коомдук аянттарды жана электр байланыш операторлорунун жана кызматтарынын менчиктерин пайдалануу

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 32-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-32

---

Электp байланыш опеpатоpлоpу жана кызматтаpы мамлекет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же мамлекеттик ишканалар тарабынан коомдук муктаждыктар үчүн бөлүнгөн жер участкаларын, буларга коомдук жолдор, тротуарлар же дагы башка коомдук жерлер же курулуштар да кирет, электр байланышынын тарамдарын куруу, орнотуу, иштетүү, техникалык жактан тейлөө жана ремонттоо жана электр байланышынын тейлөө кызматы үчүн пайдаланууга укуктуу (өтүү укугу). Электр байланыш операторлору жана кызматтары өздөрү ээлик кылган же ага карата ижара, жалдоо же дагы башка жол менен башкача укуктарды алган менчикти пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарамдарды, курулуштарды же имараттарды курууга, же тейлөө кызматын көрсөтүүгө укуктуу. Байланыш тарамына жана байланыштын тейлөө кызматы үчүн бөлүнгөн жер участкаларынын өлчөмдөрү жана жайланышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына ылайык аныкталат, буларга өтүү укуктары, ажыратылган тилке жана коргоо тилкеси да кирет. Электр байланыш операторлору жана кызматтары алдын ала билдирүү жиберип жана керек болсо, менчик ээлери же ушул жер участкаларына же курулуштарга укуктары болгон дагы башка жактар менен келишим түзүп, тирөөчтөрдү, линияларды жана башка курулуштарды жерде, имараттарда, мамыларда, көпүрөлөрдө, трубопроводдордо, жолдордо, коллекторлордо, темир жол туннелдеринде жана башка жерлерде курa, орното жана иштете алышат. Электр байланышынын тарамын куруу, орнотуу жана иштетүү экологиялык коопсуздуктун талаптарын эске алуу менен жана ушул жумуштар жүргүзүлүп жаткан жерлердин эстетикалык көрүнүшүнө зыян келтирбестен жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле жеке менчикке же өтүү укугунун берилгендигине байланыштуу, келтирилиши мүмкүн болгон зыянды азайтуу боюнча чаралар көрүлөт. Жер участкаларындагы, имараттардагы же курулуштардагы электр байланышынын тарамын куруу, орнотуу же ремонттоо боюнча жумуштар аяктагандан кийин электр байланыш оператору өз эсебинен жер участкаларын, имараттарды же курулуштарды алгачкы абалына келтирүүгө милдеттүү. Электр байланыш оператору электр байланышынын тарамын куруунун, орнотуунун, ремонттоонун, ошондой эле иштетүүнүн натыйжасында имараттарга, жер участкаларына же курулуштарга келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, буга бул объектилердин бааларынын азайышы да кирет. Электр байланыш операторунун менчигинде болбогон жер участкаларында, имараттарда же дагы башка курулуштарда ушул оператор тарабынан электр байланышынын тарамын калыбына келтирүү же электр байланыш курулуштарын монтаждоо боюнча кечиктирилгис же башка шашылыш жумуштар аткарылууга тийиш болгон өзгөчө учурларда электр байланышынын оператору жер участкасынын, имараттын же дагы башка курулуштардын ээсине өз убагында билдирүү үчүн бардык күчүн жумшоого жана ушул жумуштарды жүргүзүүгө анын макулдугун өз убагында алууга милдеттүү. Ээсинин макулдугу алынбаса, ал бул иштерди жүргүзүү үчүн бөгөт болуп эсептелинбейт жана ушул жумуштарды аткаруудан келип чыккан зыяндын ордун толтуруудан электр байланыш операторун бошотпойт. Зыяндын өлчөмү көз карандысыз комиссия тарабынан аныкталат. Жаңы курулуш, калктуу пункттарды жана айрым имараттарды кеңейтүү, реконструкциялоо, жолдорду жана көпүрөлөрдү кайра куруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, мелиорация тутумдарын кайра түзүү, пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышкан электр байланышынын курулуштарын кайра куруу жана которуу курулуштун жалдоочусунун эсебинен электр байланышынын тарамдарынын жана каражаттарынын ээлеринин техникалык шарттары боюнча колдонулуп жаткан стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Ошону менен бирге электр байланышынын каражаттарынын кубаттуулугун көбөйтүү алардын ээсинин эсебинен жүргүзүлөт. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-33)
