# 30-берене. Тарамдар аралык байланыштыруу (жалгаштыруу)

- Документ: [Электр жана почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/42)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 02.04.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649); 20.02.2017 [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 30 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи"](https://aqlex.ai/kg/doc/111538); 06.03.2015 [Закон КР от 6 марта 2015 года № 51 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи"](https://aqlex.ai/kg/doc/205471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/42#diff=1286787..1286788>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-31/edition/1286768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/42/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электр жана почта байланышы жөнүндө, 30-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-30

---

Үстөмдүк кылуу абалын ээлеген жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамдарынын операторлору өздөрүнүн тарамдары менен тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү электр байланышынын лицензиясы бар башка тарамдардын операторлорунун өтүнүчтөрүн канааттандырууга милдеттүү. Тарамдар аралык байланыштыруу жөндүү жана дискриминацияланбаган сыяктуу шарттардын жана тартиптин негизинде жүргүзүлөт, буларга бааларга тиешелүү шарттар да кирет. Тарамдар аралык байланыштырууну жүзөгө ашырган жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамынын оператору мындай шарттардын жана тартиптин жалпыга маалымдуу болушун камсыз кылат. Эгерде тарамдар аралык байланыштырууну аткарууга техникалык мүмкүнчүлүктөр болсо, анда аны кошпой коюуга болбойт. Тармактар аралык байланыштыруудан баш тартуу толугу менен негиздүү болууга тийиш. Электр байланышынын таламдаш эки оператору тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, анын жоболору ушул Мыйзамдын жоболоруна, ченемдик актыларга жана тарамдар аралык байланыштыруу үчүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгиленген дагы башка шарттарга карама-каршы келбегендей болууга тийиш. Бул келишим бардык техникалык жана финансылык шарттарды аныктайт жана кол коюлган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө бардык өзгөртүүлөр менен бирдикте байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кээ бир негиздүү учурларда тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кыла алат. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү бардык келишимдердин жалпыга маалымдуу болушун камсыз кылат. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бааларды түзүүнүн талаптары кирген тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимдер туура келүүгө тийиш болгон жалпы шарттарды белгилей алат. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын талаштарды жөнгө салуу же калыстар сотунда кароо үчүн, эгерде:

- тарамдар аралык байланыштырууну бербей коюшса;

- эки же андан ашык оператор колдонуудагы тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндө келишимдердин талаптары боюнча келише алышпаса;

- тарамдар аралык байланыштырууга берилген алгачкы кайрылуудан кийинки үч айдын ичинде электр байланышынын эки оператору тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндөгү келишимге жетише алышпаса, процедураны белгилөөгө же талаштарды дагы башкача чечүүгө, эксклюзивдүү укугу бар,.

Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул маселе боюнча чечимди 6 айдын ичинде чыгарат. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, талаштарды сотко чейинки кароо тартиби милдеттүү жол-жобо болуп саналат. Тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндө эрежелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-августундагы № 421 "Кыргыз Республикасында тармактар аралык биригүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (КР 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2017-жылдын 20-февралындагы № 30, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/42/st-31)
